Ат-Башыда пенсионерге эки жерден пенсия берип, мамлекетке 155 миң сом зыян келтирген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Ат-Башы райондук прокуратурасы аталган райондогу Социалдык фонддун жана "Кыргыз почтасы" ишканасынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу 15-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүнүн натыйжасында пенсия берүү боюнча Ат-Башы райондук башкармалыгы жана "Кыргыз почтасы" ишканасы 2013-жылдын 1-декабрынан тартып А.О. аттуу жаранга эки жерден (Ак-Муз жана Ак-Жар байланыш бөлүмдөрүнөн) пенсия төлөп келишкени белгилүү болгон. 2015-жылдын 30-апрелине чейин 155 000 сом мыйзамсыз пенсия берилгени аныкталган.
Факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча тийиштүү кызматкерлерге кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан