11-июнь күнү жол-кайгуул кызматкеринин огунан каза болгон 23 жаштагы Тилек Шаабаевдин жакын досу Акмарал Абдинасирова бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына кайрылып, анын дарегине айтылып жаткан дооматтарга макул эместигин билдирди. Анын айтымында, Тилек жол-кайгуул кызматкеринен качкан эмес, жол-кайгуул кызматкери маңдайынан туруп атып салган.
"Окуя учурунда мен унаада болгон эмесмин, бирок башка достору болгон. Алардын айтымында, жолдо унаасы менен баратканда чоочун унаа Тилектин артынан кууган. Андан коркконунан ал качууга аракет кылган. Кийин МАИ кызматкери унаадан башын чыгарганда Тилек көрүп, унаасын токтоткон. Тилекке каршы, жол-кайгуул кызматкери аны маңдайынан туруп атып жиберген. Ок акырегине тийип, андан ары ичин аралап, бооруна жеткен. Мүмкүн, ооруканага убагында алып барса өлмөк эмес, аны унаага салып алышып 1 сааттан ашык убакыт жолдо жүрүшкөн. Ал эми ИИМ Тилекти ичимдик ичип алган деп жарыялап жатат. Жанындагы достору ичимдик ичип алышкан, бирок Тилек ичкен эмес. Аны экспертизадан өткөрүү талап кылынганда, алар ичип алган досторун эле өткөрүп коюшкан",- деди Абдинасирова.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 11-июнь күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 39-чакырымында Ниссан Альмера унаасын токтотуу үчүн белги берилген, бирок айдоочу жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унааны катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын артынан түшкөн кызматкерлер унаанын алдына чыгып, бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ага да болбогон айдоочу жол-кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда жыгылган кызматкердин куралынан ок чыгып, айдоочуга тийген. Мындан улам ал ооруканага жеткирилип, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Айта кетсек, бүгүн, 15-июнда айдоочуну аткан жол-кайгуул кызматкери эки айга камакка алынды.