Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу 16-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 15-июнда саат 23:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 463-чакырымында (Чүйүт-Сай аймагы) Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Натыйжада 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын Таш-Көмүр шаарындагы II издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары барышып, каза болгондорду Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга жана жабыркагандарды ооруканага жеткиришкен.