Ысык-Ата дарыясынан изделип жаткан аял тирүү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 16-июнда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 13-июнда саат 20:45 чамасында Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата суусуна аталган райондун Эпкин айылынын 1963-жылы туулган тургуну А.Адырбекова чөгүп кетиши мүмкүн деген болжолдоо менен туугандары ӨКМнын райондук бөлүмүнө кайрылышкан.
15-июнда издөө иштерин ӨКМнын Токмок шаардык №21-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, туугандары жана айыл тургундары жүргүзүшкөн. Саат 21:20 чамасында "Ысык-Ата" курортунан 2-3 чакырым алыстыкта турган ээсиз сарайдын жанынан А.Адырбекова жергиликтүү калк тарабынан тирүү табылган. Ал оор абалда болгондуктан, туугандары тарабынан Кант шаардык ооруканасына жеткирилди.