Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну "кафеден чыккан жаранды сабап салган" деп шектелүүдө

"Бирөөнүн ден соолугуна атайылап залал келтирген" деген шек менен Чүй облусунун Новопокровка айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 15-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-июнунда түнкү саат 00:30 чамасында Чүй облустук ооруканасына 41 жаштагы Ш.Ю. жеткирилген. Белгилүү болгондой, ал кафеден чыккандан кийин белгисиз адам менен айтыша кеткен. Натыйжада жабырлануучуну белгисиз адам сабап салган. 
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары аталган айылдын 23 жаштагы жашоочусу И.Н. колго түшүрүлгөн. Иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан