Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Айрылыш тилкесинин Токсонбаев көчөсүндө 16-июнга караган түнү Райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы Кочкор-Ата - Постовой сугат каналында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен 6 турак үйдүн короо-сарайларын, бакчаларын суу каптаган, 1 турак үйдүн бастырмасы кулаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук №53-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу барып, суу каптоонун кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө.