Таласта өзүнүн 2,5 жаштагы уулун саткан жаранга карата кылмыш иши козголду

14-майда акыйкатчынын Талас облусундагы аймактык өкүлчүлүгүнө Гүлнара Миңбаевадан бала сатуу боюнча арыз түшкөн. Ал арызында сиңдиси Болотбек кызы Мунаранын күйөөсү Бактыбек Жээналиев өздөрүнүн 2,5 жаштагы уулун сатып жибергенин билдирген. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы 15-июнда маалымдады.

Белгилүү болгондой, факты боюнча баланын апасы Талас ОИИБине арыз менен кайрылган, бирок укук коргоо органдары анын арызын кабыл алышкан эмес. Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кийлигишкенден кийин кылмыш иши козголуп, баланын башка үй-бүлөгө сатылгандыгы текшерилип жатат. Маалыматка караганда, баланын ата-энеси ажырашып кеткенден кийин атасы уулун эч кимге айтпай өзү менен кошо алып кетип калган. Азыркы тапта "атасы тарабынан сатылды" делген бала апасына кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elli_88
2015-06-16 11:02:53
ХХХ го
+1
Asel.24.07.93
2015-06-16 11:38:49
Кандай ташбоор адам бул, кантип оз баласын сатканга дити барды!! Оз баласын сатып жакшылык корчудой болгон ХХХ десе.
+1
admin_portal
2015-06-16 11:42:24
Колдонуучуларга эскертүү!
Эмоцияга алдырып, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуздар.
0
ailam14
2015-06-16 11:57:11
Заман кайда бара жатат???
0
Lapushka15
2015-06-16 12:02:35
Балага жетпей ыйлап кудайдан суранганы канча?Оз канынан жаралган баланды сатып,кантип дем алып, кун кечирип журосун.Бала учун жашап, кул болуп иштеп курсагын тойгузганга милдеттуубуз!
+1
Gulgamal
2015-06-16 18:52:01
Кайран сага бала акмак десе кандай журогун чыдап сатдын ей аллахым неге бала деп зар какшап жургондорго бербейсинда ушуга окшогон акмактарга бересин зарыгып журомго бала деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан