ЭЛДИК КАБАР: Ошто колбасадан курт чыкты

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы дүкөндөрдүн биринен сатылып алынган колбасадан курт чыкты. Бул тууралуу 16-июнда окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман колбаса "Тумар" аттуу фирмага таандык экенин айтты. "Мекениме Орусиядан жакында гана келгем. Дүкөндөн колбаса алып, жейин деп кесип жатсам, ичинен курт чыкты",- дейт ал. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Bors
2015-06-16 12:54:13
Курт эмес бул колбасанын майы бизде колбасалардын майы ушундай болот куртка окшош, кээде кыймылдап да койот конул бурбай жей берсен болот.)))
+9
akylbek.kg
2015-06-16 13:23:13
Bors, )))) тамашан жакшыго
+3
novayariga
2015-06-16 13:04:15
Бала болбой эле тиштеген экен бир:-D
+4
NARYNGRAD
2015-06-16 13:09:48
novayariga,Даамын дагы текшерип көрөйүн деген го :-)
+4
upol92
2015-06-16 13:07:22
Бизде срогуна карабай Эле сата беришет.
Бул колбаса уйундо коп туруп калып курттап кеткендейго.
+3
Bors
2015-06-16 15:36:18
upol92, туура айтасын. Бир четинен куртаган болсо значит химикат кошулбаган натуральный колбаса экен. Аз коп колбасаларды даже куртта жебейт бут даары.
+2
shermambet
2015-06-16 13:08:35
Азыр кун абдан ысык магазинден эмне алсаныз санитардык абалын карап алышыбыз керек бул биздин маданиятуулугубуздун белгиси.анан бул факты боюнча тийешелуу органдарга кайрылуу зарыл.адамдын омуру абдан кымбат турат.
+1
nurchik05
2015-06-16 13:17:09
Курттап кеткен эшектин эти окшойт
+1
ulaAjidar
2015-06-16 13:21:55
Бул жерде,магазинде эчкандай куно жок..Упаковка оролуп турса,баардык иш ичинде болуп жатпайбы...Курт олук болгон
+1
Kairatmyn
2015-06-16 14:53:31
ulaAjidar, бул жерде куноо арамды сатып алган сатып алучууда. Кантип туалет кагазы кошулган, чочконун ар нерсеси кошулган, биз билбеген канча химиялык заттар кошулган, арам нерсени озуно ыраа коруп жеп жатат адамдарга кан каласын. Айнанайын биз адамбызго качан арам нерседен арылабыз. Аркы дуйнодо арамды кустурат биз кантип кусабыз. Качан ойлонобуз биз кыргыздар ойлончу кун барбы деги.
-1
Suluu.kyz95
2015-06-16 13:51:46
Фуу жийиркеништуу колбаса жештен да коркуп каласын
0
Kanybek.G
2015-06-16 13:59:38
Калбаса жебей еле койуш керек жасаганын корсон магазинден коруп коонун айынып кетет жакшысы озун жасап тамак кылып жегенге эч нерсе жетпейт .
0
mamaidingory
2015-06-16 14:16:31
фу фу туу туу эт эле сатып же
0
Shai
2015-06-16 14:20:55
mamaidingory, Эт дагы эшектики болуп жатпайбы анан не кылыш керек?
+1
Ayka1994
2015-06-16 16:07:54
Ошону коруп калганына шугур карабай жеп алганда эмне болмок
0
kirgizstan
2015-06-16 16:09:52
Ушундайларды коруп эчтеке сатып жегин келбей калат экен иштен чарчап келсенда озун ачып жууп тазалап бышырып жегенге жетпейт
0
UsenovaAizada
2015-06-16 19:26:54
Азыркы заманда магазинден эч нерсе алып болбой калыптыр. Мен да магазинден кызыма йогурт алсам ичи когоруп кетиптир, бирок срогу ото элек болчу.
+1
misster88
2015-06-16 23:06:44
Ичиндеги ак май даамдуу эле бекен..
0
Asus77
2015-06-17 10:57:57
хе хе хе.... Коменттерди окуп куло берип жыргайсынго. Биринен бири акылдуу. эх, кыргызым кыргызым ))))))))
-1
jarkyn_jakta_jasha
2015-06-17 12:33:52
Asus77, мен да кабарды окуган сон дароо коментарийлерге коз салам.... кээде макалага караганда комментиерди окуп боорун эзилип жыргап каласын
+2
AizaSumaya
2015-06-25 22:02:14
Биздин чондор жеген колбасадан курт чыкканда гана колбасный цехтер текшерилиши мумкун ага чейн же беребиз го эшектин этинен бери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан