Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагынын жайлоосунда 13-июнда калыңдыгы 50-60 сантиметр кар жаап, аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу кой-эчкилер, бодо мал өлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу комиссиясы 2 короо койду жеринен көрүп, андан 80 баш кой-эчки, 12 топоз жана 6 тай өлгөндүгүн аныкташканын 16-июнда билдирди. Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоо-иликтөө иштери улантылууда. Андан сырткары жайлоого баруучу унаа жолго шагыл таштар, ылайлар түшүп, унаалар жүрүү үчүн жол жабылып калган. Ат менен жүрүүгө каттоо бар, тазалоо иштери улантылууда.
Мындан сырткары жайлоого баруучу жолдогу Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө суунун деңгээли көбөйүп, бузула баштаган.
15-июнда жолду тазалоо жана көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине Ак-Суу райондук транспорт кызматы (ЖЭМ №11) тарабынан 1 бульдозер, Ниссан пикап унаасы, Түп райондук транспорт кызматынан (ЖЭМ №34) 1 жүктөгүч тартылып, жумуш аткарылып жатат. Жайлоодо кар эриген. Жергиликтүү бийлик тарабынан күйүүчү майлар бөлүнгөн. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан 200 литр күйүүчү май берилди. Ал эми көпүрөнү оңдоого 30-40 даана габион торчосу жана күйүүчү май керектелет.