Биз социалдык тармакта

"Түндүк электр" ишканасы кышка даярдануу үчүн трансформаторлорду алмаштырууда

"Түндүк электр" ишканасы кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин улантууда. Мекеменин билдиришинче, жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондорду күчтөнтүү иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы "Центральная-6" көмөк чордонуна 16 000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор коюлары, буга чейин 10 000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор иштеп келгени айтылды. Мындан тышкары "Беловодская-2" көмөк чордонуна да 16 000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор коюлмакчы. "Кыш мезгилине чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 15 жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондордо трансформаторлорду алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар",- деп билдирет мекеме.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан