"Эл биримдиги менен улут бекемдиги – мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүүнүн негизи. Биздин эл тынчтыктын, туруктуулуктун, өлкө өнүгүүсүнүн, демек, жарандардын бакубат турмушунун кепилдиги болуп саналган улуттар аралык биримдикти жогору баалайт",- деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков Казакстан элинин ассамблеясынын 20 жылдыгына арналган Эл аралык "Казакстандын жолу: Биримдик. Атуулдук. Реформалар" аттуу конференцияда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 17-июнда билдирди.
Бул иш-чарага төрага баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Казакстандагы иш сапарынын алкагында катышты.
Улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын тажрыйбасынан кеп салган төрага кыргыз эли менен кыргыз тилинин өлкөдөгү улуттар аралык туруктуулукту камсыз кылуудагы ролу менен жоопкерчилигин өзгөчө белгиледи.
"Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан өлкөнүн өнүгүшүндө жана өзүнүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө кыргыздар Кыргыз Республикасынын көп улуттуу элин бириктире турган бирдиктүү өзөк катары таанылды. Ар жаран бул биздин өлкө экенин, биз баарыбыз анын келечек тагдыры үчүн жоопкерчилик тартарыбызды эстен чыгарбашы керек",- деп баса белгиледи А.Жээнбеков.
Ошондой эле кыргыз өлкөсү эгемендикке ээ болгондон кийинки 1990, 2010-жылдардагы окуялар өлкө бийлигинин башкаруу жөндөмү солгундаган мезгилге туш келгенин эске салды. "Мына ошол оор жылдары криминалдык, реваншисттик, сепаратисттик күчтөр этникалык топторду өз ара кагылыштыруу аркылуу өлкөдөгү абалды баш аламандыкка түрткүсү келген. Бирок биздин көп улуттуу элибиз акылмандыгын, биримдигин көрсөтүп, каргашалуу окуяны саналуу гана күндүн ичинде токтото алды. Окуянын чектелүүлүгү, зомбулуктун локалдуу белгилери, ошондой эле жер-жерлердеги кыйчалыш абалды ыкчам калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү ал сырттагы үчүнчү күчтөр тарабынан уюштурулганын көрсөтүп турат",- дейт ал.
Өлкөдөгү этникалар жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын көрүп жаткан чараларын тизмектеген Жээнбеков 2010-жылы өлкө эли тарабынан тандалып алынган жаңы саясий систем өлкө коомчулугуна туруктуулукту алып келгендигин билдирди. “Парламенттик демократиянын шартында мамлекеттик чечимдер ачык-айкын жана теңдештирилип кабыл алынууда. Акыркы жылдарда биз стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу жана туруктуу өсүү жолуна түштүк. Өнүгүү эң алды менен көп улуттуу өлкөбүздүн элинин биримдигинен, ошондой эле биздин өнөктөштөрүбүз менен союздаштарыбыздын колдоосунан улам ишке ашты. Акыркы жылдары биздин мамлекет, парламент жана өлкөнүн жарандык сектору тарабынан диний чөйрөдө салмакталган саясатка өзгөчө маани берилүүдө”,- дейт Жээнбеков.