“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында элдин суранычы менен бир оорукана палатасын толук жабдып, колдонууга берди. Жылына 100гө жакын бейтаптын дал ушул бөлмөдөн жылуу-жумшак дарыланып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Жолугушууда айылга тиешелүү деңгээлде дарыгерлер жетишсиз экендиги маалым болду. Бул маселени Бакыт Төрөбаев бюджеттик негизде билим алган адистерди тартуу аркылуу чечсе болорун белгиледи. Учурда мындай программа өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, бирок жеткиликтүү натыйжа жок. Ошондуктан эл өкүлү көзөмөлгө аларын билдирди.