ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарындагы базарда эт саткандар малдын ичегилерин Ак-Буура дарыясына жууп жатышат

Ош шаарындагы базарда эт саткандар малдын ичегилерин Ак-Буура дарыясына жууп жатышат. Мындай көрүнүшкө күбө болгонун окурман 17-июнда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады. 
"Сиздер сүрөттө көрүп турган жаран бир топ малдын ичегилерин сууга жууп, анысы аз келгенсип, ичегилердин ичинен чыккан жаман сууларды кайра сууга төгүп жиберди. Базар жетекчилиги ушундай нерселерге маани берип, чара көрүүсү керек",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Liliia
2015-06-17 11:16:28
бул жанылык деле эмес оштуктарга. Мен Ошко 2011-жылы кочуп келгенде коруп алып эсим ооп суу ичким келбей(ошто суу ак буурадан ичебизго) айласыз конгом башында сууну сатып ичип жургом
-5
asi15
2015-06-17 11:33:03
Liliia, кой андай жалган созду. Ак буурадан эмес бардык эле жерде таза эле суудан ичебизго.
+5
jarkyn_jakta_jasha
2015-06-17 12:27:00
Liliia, Тообо жалганды да окшоштуруп окшоштурбай эле сого берет экенсинда.....албетте суу булгаганы туура эмес, бирок Оштогу иче турган суу таза суу
0
SherhaN
2015-06-18 08:55:06
Liliia, Ак-Буурадан эч ким суу ичпейт жадагалса суунун башында да ичишпейт себеби дарыя келип 3ко болунот ортодо Ак-Буура дарыясы анан Озгур-Толойкон каналы ошол суудан ичишет, бирок ичпейбиз деп эле сууну булгаган болбойт..
0
Aylin.91kg
2015-06-17 13:18:31
Дайыма ушинтип ичегилерди жуушат коп кором, буга эч ким деле чара корбой калды го!
0
sezimay
2015-06-17 15:08:35
жанылык эмес бул, ичеги мында турсун балээнин баары агат, бирок сууну тазалап анан беришет элге. ХХХ ХХХ ХХХ...
-1
admin_portal
2015-06-17 15:16:46
sezimay - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан