Өлкөдө алгачкы 5 айда 134 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 25 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 30 өзгөчө кырдаалга көп. Ал эми 2014-жылдын 5 айында 32 адам набыт болгон.
“Куткаруу кызматтары быйыл 5 айда 103 жаранды аман-эсен алып калышты. Алардын 30у жол-транспорттук кырсыкта, 31и экстремалдык учурда, 40 адам өрт маалында куткарылган жана 2 адам суудан чыгарылган. Былтыр куткарылган адамдардын саны 128ди түзгөн”,- дейт Темиралиев.