Ала-Букада 22 жаштагы келин жаңы төрөлгөн ымыркайын 23 миң сомго сатып жиберген

Ала-Бука районунда 22 жаштагы келин жаңы төрөлгөн ымыркайын 23 миң сомго сатып жиберген. Бул тууралуу 17-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 9-июнунда Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык төрөт бөлүмүндө 1993-жылы туулган келин көз жарган. Ал уулун 13-июнь күнү Баястан айылынын тургунуна 23 000 сомго сатып жибергени айтылган.

Маалыматка караганда, ымыркайдын энеси уулун турмуш шартынын оордугунан жана баласын бага албагандыктан сатууга мажбур болгон. 22 жаштагы келиндин бул экинчи уулу, ал Сузак районунун Таш-Булак айылына турмушка чыккан, тергөөдө жолдошунун аты-жөнүн айткан эмес.

Окуя тууралуу Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Азамат Калмурзаев: "Кыздын ата-энеси баланын сатылганын билишкен, бирок алар багып алуу үчүн берилип жатат деген пикирде болушкан. Ал эми баланы жаш түгөйлөр сатып алышкан. Алар 4-5 жылдан бери балалуу боло албай келишкендиктен, бала багып алууну көздөшкөн экен",- деди.

Азыркы тапта бала өз энесинин колунда. Багып алууну каалаган түгөйлөрдүн колунда үч күн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ailam14
2015-06-17 13:31:45
Аллахым журогубузго ыйман бере кор.Бейкуноо наристе.....
0
Drongo
2015-06-17 13:55:43
Оо,Жараткан Кудай!Заман озгроду,адамдар да озгорду.Бирооно зар,бирооно кор бала.
0
jetinur90
2015-06-17 14:29:10
Улан акенин караган иши экен да демек. Аккоргон,Сафед Булан,Жданов жалан озбектер,а Баймак,Баястанда(КОРГОНЧО)тажиктер жашаган аймак болуп эсептелет. Алдын ала айта кетуу керек,бул элди болуп жаруу эмес,болгону кенири маалымат бердим. Ала кушту атынан атоо керек да,
+1
kobra86
2015-06-17 14:42:28
jetinur90, сен тушунсон ошол айылдар Кыргызстанга кошулабы анда Ала бука району ал эми кыздын улутун айтпайт анткени кыргызстандын жараны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан