Кыргыз-кытай чек арасында 10 850 доллары тууралуу документи жок кытайлык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-июнда “Торугарт-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны кармалган. Анда Бишкек-Кашкар автобустук каттам боюнча түзүлгөн документтеринин арасында жанындагы 10 850 доллар акча каражаты жөнүндө маалымат көрсөтүлбөгөнү белгилүү болгон.
Тийиштүү иш-аракеттерден кийин алынган акча каражаты КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.