Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын ыйгарым укуктуу кызматкери Б.У. пара алып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан 17-июнда билдиришти.
Маалыматка караганда, Б.У. кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жаткан С.Т. аттуу бажы кызматкерин жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, андан 140 миң сом акча талап кылган. 2015-жылдын 15-июнунда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Каржы полициясынын кызматкери Б.У. 80 миң сом пара алып жатканда кармалды.
Бул факты боюнча “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “опузалап пара талап кылуу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.