Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 17-июнда саат 23:25 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын очогу Кажы-Сай айылынан 55 чакырым түштүк-чыгышта Жетим-Бел тоо кыркасында болуп, күчү 2,5-3 баллга жетти. Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан