Казакстанда ири жол кырсыгы катталып, андан 14 адам набыт болду

Казакстандын Алматы-Шымкент-Термез унаа жолунун 678-чакырымында оор жүк ташыган Хово автомашинасы менен Мерседес-Спринтер кичи автобусу кагылышкан. Кырсык 16-июнь күнү болгонун Казакстандын массалык маалымат булактары жазып чыгышты. 

Окуя болгон жерден 8 адам каза болуп, анын ичинде 7-8 жашар бала болгон. Жабыркаган 13 адамдын, анын ичинде кичи автобустун айдоочусу жана 3 бала ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Ал эми 6 адам ооруканадан каза болгон.

Жол кырсыгы оор жүк ташуучу унааны кичи автобустун айдоочусунун ашып өтүүсүнөн келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jypargul
2015-06-18 09:27:08
Аша чаап каттуу айдагандын кесепети ! Жаткан жерлери жайлуу болсун ...
+4
Bors
2015-06-18 10:32:38
Ичиндегилер кимдер болду экен.
+1
Gulgamal
2015-06-18 14:12:09
Жаткан жери жайлуу болсун!ичиндеги адамдар кимдер екен
0
sna_kg
2015-06-18 14:36:05
Gulgamal, адамдар экен аял эркек жана жаш балдар
0
Akmosha
2015-06-18 14:12:53
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Ооруканадагылар сакайып кетишсин ылайым.
0
Gamze90
2015-06-20 21:25:31
Айдочулар кыбыраган кыр ашат деген эле девиз менен жашагылачы тобо. Убалына калбай адамдардын..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан