13-июнда түштөн кийин Кара-Суу районундагы Алп-Ордо айылынын тургуну, 1965-жылы туулган Ж.Солпиев белгисиз себептер менен Куршаб дарыясына түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу тартылып, 17-июнь күнү да издөө иштерин жүргүзүшкөнүн билдирди. Издөөдөн натыйжа болгон эмес.