Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына 18-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ымыркайдын жансыз денеси Старый толчок кичи районундагы көчөлөрдүн бириндеги арыктан табылды. Аны төрөгөн эне киндигин да кеспей туруп таштап кеткени айтылды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды.