Өкмөт башчы кыргыз өлкөсүнүн элин Орозо айы менен куттуктады

Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 18-июнда кыргыз өлкөсүнүн элин Орозо айы менен куттуктады. Бул туураралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Темир Сариевдин куттуктоосу:

"Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айы мусулман дүйнөсүндө эң ыйык ай катары эсептелип келет. Орозо күндөрү ар бир адам өз алдынча ыклас кылып, өзүнө, үй-бүлөсүнө, өлкөсүнө жакшы ниеттерди ыроолоп, аруу тилектерди бири-бирине каалайт. Орозо айында адам орозо кармап, ички жан дүйнөсүн тазартып, руханий аруулукка эгедер болот. Бул айдын ыйыктыгы - ыймандын тазалыгына умтулуусунда, адамдагы эң бийик сапат – адамдык сапатты сактап калууга тилек кылып, келечектен жакшы үмттөрдү самап, элди биримдикке, ынтымактуулукка, кечиримдүүлүккө, өз ара түшүнүүгө, урматтоого жана сыйлоого чакырганында.

Абалтан ата-бабабыз ыйык туткан ай бүгүн да өзүнүн нукура маанисин жоготкон жок. Отуз күндүк Орозо айы - жан дүйнөнү агартуунун жана тазартуунун айы. Жакшылыкка болгон үмүттүн айы.

Мына ушул ыйык айдын алдында бардык агайын-туугандарыбызды, өлкөбүздүн жарандарын, жалпы мусулмандарды Орозо күнүнүн башталышы менен куттуктап, элибизге таза пейил, таза ниет, ынтымак-ырашкерликти каалайм. Туткан орозоңуздар кабыл болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Meerima.Majitova
2015-06-18 13:14:48
Баарыбызга тен болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан