Бишкекте кылмыш ишиндеги күбөлөрдүн, жабырлануучулардын укуктарын коргоо боюнча конференция өтүүдө

Ички иштер министрлиги Европа кызматташтык коопсуздук уюму менен биргеликте 18-19-июнь күндөрү Бишкек шаарында "Кылмыш иши боюнча өтүп жаткан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоодогу актуалдуу көйгөйлөр" аталышындагы илимий-конференция өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ички иштер министри Мелис Турганбаев, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канат Керезбеков, ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Сергей Капинос, укук коргоочулар жана Литва, Сербия, Хорватия, Орусия, Казакстан, Тажикстандан өкүлдөр катышууда.

"Кылмыш иши боюнча тергөөгө катышып жаткан айрым адамдарды уурдап кетип же аларга зомбулук көрсөткөн учурлар болот. Мындан улам көпчүлүк иштер тергөө учурунда же соттук процесстер жүрүп жатканда токтоп калат. Ал эми жоопкерчиликтен качууга үлгүргөн адамдар жаңы кылмыш жасоого бел байлашы мүмкүн. Мындай көрүнүштөр жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жоготот. Ушул Эл аралык конференциянын жыйынтыгында иш жүзүндө алгылыктуу натыйжаларга ээ болуу менен бирге мамлекеттер аралык кызматташууну да жакшыртабыз деп ишенем",- деди Мелис Турганбаев.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан