Өлкөдө алгачкы беш жарым айда жол кырсыгынан 34 бала каза болуп, 622 жашы жете элек бала жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда “Балдар, абайлагыла!” аттуу акциянын жүрүшүндө ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын борбордук аппаратынын жетекчиси Өткүр Умаров билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 5 ай 16 күндө балдардын катышуусу менен жалпысынан 554 жол кырсыгы катталган.
“Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарга жолдо өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүүнү ананкыга калтырбагыла. Бул нерседен сиздердин наристеңиздердин ден соолугу жана өмүрү көз каранды”,- дейт Умаров.
Айта кетсек, бүгүн Бишкекте “Балдар, абайлагыла!” аталышындагы 1 айлык акциянын алкагында веложүрүш өттү. Ага Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектептеринде 9-10-11-класстарда окуган 60 окуучу катышты. Иш-чара жай айы келип, балдардын унаа өтүүчү жолдорго чыкканы көбөйгөндүгүнө байланыштуу айдоочуларга жолдо жүрүү эрежесин сактап, байкап айдоону эскертүү иретинде өткөрүлдү. Мындай веложүрүш республика боюнча жүргүзүлөрү айтылып, кезек Ысык-Көл облусуна берилди.