Ош облусунун Араван районундагы Бостон айылынын тургуну
Бекзат Сатыбалдиев башка айылдын балдарынын токмогуна кабылып, башына 3 ирет операция жасалды. Бул тууралуу өзүн
Алтынбек деп тааныштырган окурман 18-июнда
WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Алтынбек окуя болгон күнү Бекзат менен бирге кырсыкка кабылганын айтып, бирок Бекзаттын абалы оор экенин маалымдады. "29-май күнү кечинде 6 бала болуп капуста жүктөп жатсак, Базарбай деген айылдашыбыздын телефонунан чалуу келди. Телефонду алсак, Эрке-Кашка деген айылдын балдары экен, "Базарбай керек болсо, алып кеткиле, болбосо өлүгү кетет" дешти. Дароо эле жетип барсак, алдыбыздан 20-30 чакты бала чыгып, таш менен уруп киришти. Унаабыздан түшүрүп, таяк менен сабашты. Алардан качып чыгып, милиция бөлүмүнө барсак, ооруканага жиберишти. Ооруканага жеткенде Бекзаттын жүрөгү токтоп калып, врачтардын жардамы менен жүрөгү согуп калды. Анан аны жандандыруу бөлүмүнө алып, кийинки күнү "баш сөөгү сынып, кан уюп калыптыр" деп башына операция жасашты. Бекзат 3 күн комада жатып, 10 күндөн кийин кайрадан облустук ооруканада эки ирет операция жасалды, жаак сөөгү да сынып кеткен болчу, ага да операция жасалды.
Токмоктогон балдар кармалышкан, бирок акча берип, сыртта жүрүшөт. Ошондуктан сиздерге кайрылып жатабыз, ушул маселени тиешелүү жактарга жеткирип берүүңүздөрдү суранабыз",- деди Алтынбек.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.