Жанна Фрискенин күйөөсү Дмитрий Шепелев "жубайы өлөрдө уулун алып, чет өлкөгө кетип калган" деген айыпты четке какты

Орусиялык ырчы Жанна Фрискенин күйөөсү Дмитрий Шепелев жубайы каза болордон эки күн мурун Платон аттуу баласын алып, Орусиядан чыгып кеткен. “Дарыгерлер “аялыңдын өлөрүнө 2 күн калды” дегенде Шепелев эмнеге аны менен калбай, өлкөдөн чыгып кетет?” деп орусиялык басылмалар ырчы Фриске дүйнөдөн кайткандан кийин күйөөсүн күнөөлөп чыгышкан эле. Бул сыяктуу сөздөрдү алып баруучу Дмитрий Шепелев четке какты.

Жаннамдан айрылганымды уккандан кийин 2 күн мен эч кимди көргүм жана уккум келген жок, анткени Жанна мен үчүн бул дүйнөдө эң таза жана кайталангыс бакыт бойдон калды. Балам Платон экөөбүздүн деңиз жээгине болгон сапарыбыз мындан бир ай мурун чечилген болчу. Мындай болуп кетерин эч ким билген эмес. Ал эми дарыгерлердин "Жаннанын 2 күндүк өмүрү калды" деп айтканы - ММКлардын ойлоп тапканы. Ал акыркы бир жума бою өзүн кадимкидей эле алып жүргөн. Ал өзү тырышчаак, күчтүү адам экенин биз билгенбиз, бирок анын акыркы анализдери көңүл жылытарлык эмес болчу”,- деди Шепелев.

17-июнда Москвада Фриске менен коштошуу зыйнаты болуп жатканда Шепелев Болгариядагы Бургас шаарында эле. Анын Жаннага барбай жатышы орус коомчулугунда терс пикирлерди жараткан. Бул боюнча да суроо берилди. 

17-июнда Жанна менен коштошуу анын күйөрмандары үчүн уюштурулган, анткени алар Фрискени 2 жылдан бери көрө элек болчу. Ал эми 18-июнда Жаннаны анын жакындары менен биргеликте акыркы сапарга узатабыз, бирок балабыз Платонду ал жерден алыс кармоону чечтим. Кийин ага өзүм баарын шашпай түшүндүрүп берем. 2 жаштагы баланы мындай нерселерге аралаштыруунун кереги жок, учурда мен анын камын көрүүнү гана ойлоодомун”,- дейт Фрискенин күйөөсү.

Мындан тышкары, дарыгерлердин айтымында, Шепелев аялына керектүү болгон дарыларга акча короткусу келбей, Жаннаны бекер дарылатууга аракет жасаган. Шепелевдин айтымында, керектүү делген дары-дармектер чынында эле өтө кымбат болгон.

Жаннанын өмүрүн биз эки жылга создук, мындай оору менен башкалар кыйла аз жашайт экен. Аялыма керектүү делген дарылар Орусияда, жадакалса Европада чыгарылбайт экен. Болгону АКШда жана Израилде чыгарылат экен. Анын бир ийнеси 10 миң еврону чапчыйт эле, ал дары бир-эки жума сайын алынышы керек, бирок канча акча болбосун, ал өмүр бою жашатканга жетмек эмес. Ошондуктан мен бул дарыны бекер алганга аракет жасадым, тилекке каршы, колумдан келген жок.

Учурда бирөөлөр мени “өзүн жарнамалоо үчүн эле кырдаалдан пайдаланып интервью берип жатат” дешүүдө. Мен эл алдында актангым келген жок. Мен Жанна менен жамандыкта да, жакшылыкта да бирге болдум. Бул жашоодо өмүрүмдүн бир бөлүгүн Жанна менен өткөргөнүмдү бакыт деп эсептейм”,- деди Шепелев. 

Эске салсак, 16-июнга караган түнү орусиялык белгилүү ырчы Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген эле. Аны дарылоо үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпы 68 миллион рубль жыйнаганы айтылган.

Рак илдетинен улам Жаннанын көзү көрбөй калганын атасы 2014-жылдын март айында маалымат каражаттарына кабарлаган эле.

Жанна Фриске 8-июлда 41 жашка чыкмак. Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы катары таанылган. Ал Орусиядагы бир канча тасмаларда роль жараткан.

Жанна Фрискенин жолдошу Дмитрий Шепелевден эсклюзивдүү интервью
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
anjela500
2015-06-18 16:59:34
аябай окунучтуу окуп алып ыйладым биз дар барыбир бул дуйно менен кош айтышабыз,атасына аябай жалко болуп атат,бул ооруну жене албай акыры оору женип кетти кандай гана окунучтуу, баласы эми ыйлайт апасын издеп эхх журогум эзилип кетти
+6
Gulnaz.GS
2015-06-18 17:17:49
Жаш бала билбейт
0
anjela500
2015-06-18 17:34:16
олгонун билбейт ооба, бирок апасын издейт бары бир
0
nurbek290992
2015-06-18 17:40:01
жалко
0
fit91
2015-06-18 17:50:27
Журогунон все ровно сезет да бала
Эч кимдин башына салбасын алахым баарыбызга ден соолук берсин
Жаннанын жаткан жери жайлуу болсун
+2
semakg
2015-06-18 18:57:41
Куйосунун Жаннанын атак данкына карап суйгону билинип эле калыптыр. 1млн. Евродон ашык акча чогултулган болчу? Аныда куйоосу соц.сеттерге жарнамалап чогулткан. Жананын ата энесинин жашырганына карабай. Макул акча чогулду эмнеге 10мин евролук дарыны уномдоду. Жаннанын омуру кудайдан, бирок Шепелев озунун кандай экенин корсотуп коюптур. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына келбей Болгарияга кетип калышыда ушул себептен. Кыскасы Шепелев уч тамга экен.
0
Guli.K.E.
2015-06-19 10:02:13
semakg,
видео версиясын корсонуз толук тушундуруп айткан эмнеге кеткенин((( Дмитрийдин жузундоле турбайбы кандай аза кутуп жатканы(((
+2
sezim_osmonalieva111
2015-06-19 00:23:09
Шепелев уч тамга болсо эки жылдан бери журот беле Жаннанын жанында.Жашырганда эмне аялы кичине эле оорукчан болуп калса таштап кеткен эркектер толуп жатпайбы?Дмитрий азамат,Жаннаны таштаган жок.Ал Болгарияга баласы учун кетти,алдын ала сатылып алынгаг билет.Билген эмес да 2 кундун ичинде Жанна каза болоорун
+9
KYRGYZJERI
2015-06-19 13:32:41
Жаннанын олуму аркылуу коптогон прессалар ушул сыяктуу ойго келбеген ушактын арты м.н акча таап жатышат.
0
anara-anara
2015-06-19 17:31:13
Эки жыл ушундай оорулуу аялы мн алышып келди. Бул деген Жаннаны суйгондугу баалагандыгы. Бир гана умуту баласы болгон учун баланын энесин коруп кыйналбаш учун кеттиго. Жанна мн откоргон кундорум унутулгус башкача кундор дайыма эсимде жана журогумдо деп бекер айтбаса керек.Козуно толуп турган кайгысын коруп ыйлагым келди. Кандай гана жарашкан жубайлар эле. Буларга кудай аз бирок ушунчалык бактылуу кундорду ыраа коруптурда. Жаткан жери жайлуу болсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан