Оштогу мектептердин жана бала бакчалардын жылуулук түтүктөрү оңдолуп жатат

Ошто мектеп жана бала бакчалардын кыш мезгилине даярдыгы атайын адистер тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон жылуулук түтүктөрү капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, ал үчүн сарпталуучу акча каражаты жергиликтүү бюджеттен толугу менен каржыланып, кышкы суукта окуучулар жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына жагымдуу жагдай түзүү аракеттери эртелеп көрүлө баштады.

Мэрия шаардагы тиешелүү мекемелердин жетекчилиги менен биргеликте балдар бакчасы менен мектептердин абалын жакшыртууда көмөк көрсөтүү ниеттерин билдиришти. Өткөн окуу жылында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы жакшы деп бааланып, түнкүсүн электр энергиясы өчүрүлгөн аймакта жайгашкан мектеп, бала бакчаларга 10-12 тоннадан көмүр түшүрүлүп берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан