Жайыл районунда 1 килограммдан ашык маңзат менен 54 жаштагы жаран кармалды

Жайыл районунда баштыгына 1 килограммдан ашык маңзат салынган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-июнда Кара-Балта шаарында 54 жаштагы жаранды текшерүү жүргөн. Натыйжада анын баштыгынан 360 грамм марихуана, 1 килограмм героин табылган. 
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан