Ишкерди коркутуу жолу менен акча талап кылган кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Бишкектин Алматы көчөсүндө белгисиз адамдар ишкерди шаардын четине алып барып токмоктоп, 200 миң сом талап кылышкан. Андан соң анын жанында болгон бардык акчасын (100 миң сом) алып, ишкерди ошол жерге калтырып коюшкан.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмыш буга чейин бир нече жолу соттолгон, "смотрящий" статусуна ээ болгон адамдар тарабынан жасалганы аныкталган. Июндун башында Чүй облусунда уюшкан кылмыш тобунун лидери Дилмурат Ю. кармалды. Ошол эле убакта Талас облусунда кылмыш тобунун мүчөсү, 34 жаштагы Ашымбек И. колго түшүрүлдү. Андан сырткары аталган кылмышты уюштурууга тапшырма берген 22 жаштагы айым кармалды. Алардын баары 2 айга №1-СИЗОго отургузулушту. Тергөө амалдары уланууда",- деп маалымдашты ИИМден.