Чүйдө айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, 9 жаштагы бала жаракат алды
Чүйдө айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, 9 жаштагы бала жаракат алды. Бул тууралуу 19-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя 17-июнда саат 22:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында орун алган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 42 жаштагы Талас облусунун тургуну А.Б. жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган А.Е. жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта жол кырсыгынын чоо-жайын иликтөө боюнча экспертиза дайындалды.