Айыпталуучуну эркинен ажыратпоо үчүн пара алып жаткан жеринен Балыкчы шаарынын соту жана адвокат колго түшүрүлдү

23 миң сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаардык сотунун судьясы жана адвокат кармалды. Бул тууралуу 19-июнда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 11-июнь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал "тууганыңды соттук процессте эркинен ажыратам" деп коркутуп 35 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган Балыкчы шаардык сотунун судьясы Б.Бга карата чара көрүүнү суранган.

18-июнда жогоруда аталган сот жана ортомчу катары жүргөн А.Н. аттуу адвокат 23 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү соттон дагы 46 150 сом жана 200 доллар акча каражаты табылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, пара алууга шектелгендер убактылуу кармоочу жайга жеткирилишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
A3A
2015-06-19 11:45:52
Мүйүздүү болом деп кулагы жок калышыптыр да) )))
0
zman53
2015-06-19 11:53:29
ХХХ ХХХ. Экинчи эч ким, эч качан, эч нерсе албайт!
0
admin_portal
2015-06-19 11:56:11
zman53 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Bors
2015-06-19 12:50:21
Эми озу жалдырап акча сунуштап аран кондуруп акчаны Берии атканда карматканы кандай болсун. Баарыбыз озубуз сунуштайбыз пара Алган Адам эч качан сурабайт намек бериши мумкун же Бирону ортого салат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан