Кара-Суу районунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун жашыруун басмаканасы аныкталды

16-июнда диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында Кара-Суу РИИБинин, Ош ОИИББинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кара-Суу райондук соту тарабынан санкцияланган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Тинтүү иштери 8 даректе жүргүзүлүп, анда жалпысынан 3 ноутбук, 2 принтер, 1 даана китептердин барактарын тегиздөөчү станок, 107 китеп, 1 журнал, 77 баракча, 2 кол жазма дептер, 139 DVD-диск, 6 флеш-карта, 5 уюлдук телефон алынды.

Ош ОИИББинен кабарлашкандай, тинтүү жүргүзүлгөн даректердин биринде диний-экстремисттик “Хизбут-Тахрир” уюмунун экстремисттик адабияттарын даярдоочу жашыруун басмакана аныкталып, китепчелерди басып чыгаруу үчүн керектелүүчү атайын техника, ар кандай материалдар жана көптөгөн экстремисттик адабияттар алынып, тергөө амалдары башталды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainuska00
2015-06-19 14:04:16
олум жазасына тарткыла
0
Maksat81
2015-06-19 18:42:33
Эл бузаарлар, андан коро ушуга кеткен каражатынарды акча табалбай жургон оорулууларга жумшап деле алладан сооп таппайсынарбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан