Кечээ, 18-июнда бир катар алдамчылык фактыларына шектүү катары У.Каухар аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 19-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган аял жер тилкелерине байланыштуу 4 алдамчылык фактысына шектелүүдө. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар (0773) 070 570, (0312) 486 392 телефондору аркылуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен байланышса болот.