Талас. Жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөө кызматынын башчысы 50 миң сом пара берип кармалды
Талас облустук прокуратурасы тарабынан аймактагы "Кызыл-Адыр" жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 19-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган бөлүм жүк ташуучу унаалардагы жүктүн салмагы нормадан ашкан учурда да транспорт каражаттарын өткөрүп келген. Бул боюнча текшерүүлөрдү токтотуу максатында мекеменин башчысы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине 50 миң сом акча берүүнү сунуштаган. Ал облустук прокуратура жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн иш-аракеттердин натыйжасында пара берип жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.