2015-жылдагы битир-садаганын 1 адамга болгон баасы минималдуу 40 сомду түзөт

Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын №02-фатвасына ылайык, битир-садага берүүнүн, жыйноонун жана аны шариятка ылайык жумшоонун тартиби бекитилди. Битир-садага берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса, өз ыктыяры. Албетте, динде бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөк садага берүү сунушталат.

Буудай

Мейиз

Ун

Арпа

Курма

Орточо баа

25 сом

200 сом

32 сом

20 сом

150 сом

Өлчөм

1,600 кг

1,600 кг

1,600 кг

3,200 кг

3,200 кг

Жалпы (битир-садаганын баасы)

40 сом

320 сом

52 сом

64 сом

480 сом

Дин башкармалыгынан кабарлашкандай, 2015-жылдагы битир-садаганын 1 адамга (жан башына) болгон баасы минималдуу 40 сомду түзөт. Башкармалыктын маалыматына ылайык, кыргыз мусулмандары үчүн зекетти берүүнүн өлчөмү алтын наркында эсептегенде, 85 грамм (орто эсеп менен) алтынды 1230 сомдон эсептегенде 104 550 сомду түзүп, анын кырктан бири 2613 сомду түзөт. Ал эми күмүш баасында эсептегенде, 595 грамм (орто эсеп менен) күмүштү 35 сомдон эсептегенде 20825 сомду түзүп, анын кырктан бири 521 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, зекет катары күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселер (үй, машина, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк) берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mirlan15
2015-06-19 16:58:55
Бир эле четин эсептесем 1000000 доллардан ашып кетти го , эми мунун баары каяка жумшалат болду экен каап!
-2
gul3ina
2015-06-19 17:57:42
osho da kaida jumshait boldu eken
-1
shayl2106
2015-06-19 19:23:00
Москвада анда канча болуп калат?
0
Aksy-13
2015-06-20 10:32:39
каякка жумшалат дебей озубуз жумшасак деле болот биз кобунчо кыйналган уй булого жардам болсун деп же жалгыз жургон каары кемпирге беребиз дуа кылып коет ошол деле эсеп болсо керек орозо буткончо муктаждарга берип койсо адам башына эсептеп туруп озубуз эле.
+1
kamyr26
2015-06-20 13:44:46
Зекттин акчасын кайда жумшашат толугурак маалымат берип койосуздарбы админ

0
Medina87
2015-06-20 23:10:31
Садака битир беруу менен биз АЛЛА алдындагы мусулмандык парзыбызды аткарган болобуз. Толоо толобоо ар пенденин оз эрки.
0
chika-chika88
2015-06-21 06:11:26
Рахмат маалыматынарга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан