Экс-прокурор Бекмаматов менен тергөөчүнүн ортосундагы чыр социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты

Башкы прокурордун мурунку орун басары Темирбек Бекмаматов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү Адилет Байбосуновдун ортосундагы чыр социалдык түйүндөрдө катуу талкууга алынууда. 
Бекмаматов 14-июнь күнү Түштүк магистралда үй-бүлөсү менен унаанын ичинде отурганда Байбосунов унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып экс-прокурордун унаасын сүзүп алган. Тергөөчү мас абалында болгон жана Бекмаматовго кол көтөргөн. Бекмаматов тергөөчүнү көкүрөк тушка травматикалык тапанча менен атып жиберген. Окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратты.
ИИМдин маалымат кызматы Байбосуновго "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, СИЗОго эки айга камакка алынганын билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nur_Iman
2015-06-20 15:18:22
Бекмаматов атса,Байбосуновду эмнеге камакка алды? тушунгон жокмун.....
+3
nur0077
2015-06-20 15:49:59
Байбосунов мас болуп,Бекмаматовдун машина сын сузуп алган деп жазылып турат го.
+2
Ali-5
2015-06-20 16:05:26
Ушулар мыйзамды мыкты билген инсандар. Кандай кылмыш кылганын билет. Тартип сактаса болмок озу биринчи кезекте.
+4
Aramisa
2015-06-21 08:05:44
Ali-5, tura, myizam tarapda ishtegen insan , myizamdy buzsa eki ese koboitush kerek jazasyn.
+1
nurik2103
2015-06-20 16:07:10
Байбосунов күнөөлүү, Бекмаматов просто коргонгон. сизодо еми жазасын алат ал жактагылар тергөөчүнү иттей жаман көрүшөт
+7
st1m_
2015-06-20 16:57:14
Мына мыйзамчыларындын ырайы.Бларындын кылганы бул болсо, милициян озунчо кырылышып атса, башкасын айтпай эле кой да.Арам акчага тойуп болгон тешигинен чыга баштаганда эмне кыларын билбей кутуруп кырылып атышат да.Куноо анда, куноо мында деп да айта албайм, бири олуп бири калсын. Мындай тозокулар коомубузда толуп атат.
+6
guard
2015-06-20 18:19:06
st1m_,
Ушундай тозокулар жоголбой койду, элден жеген акчага копкон да тиги ок жегени, ичип алып айдашат, мындайларды ГАИ кармабайт, ГАИ лерин деле бир тозокулар да, чынбы, оргоан, бийлик дегендегилер баары эле шумшук, тазасы 3, 75435 процент...
+1
kaniet
2015-06-20 18:57:39
Экөөнү тең камаш керек, булар эгер бир бечараны атып же уруп салганда жабылган иш жабылган бойдон калат эле, булар тартип сакчылары, а кылган жоруктарын кара булардын, эмне деген заман болуп баратат!!!!
+3
jon.as
2015-06-20 19:07:30
akchaga toiup goop emne kylaaryn bilbegenderda.
+2
islamidin
2015-06-20 20:47:42
Темирбек Бекмаматов туура эле кылган мас абалда машинасын уруп ещё нопадения кылса коргонгон да .
+2
kubat_1973
2015-06-20 22:13:31
Кыскасы бирин олуп бирин кал. Бири прокурор бири тергоочу экоо акча менен бутурушуп алат.
+2
myshka406
2015-06-21 10:15:05
Бул иш жондон жон эле боло бербейт. Бул экоонун ортосунда келишбеген баштатан бир нерсеси бар болгон.Кантип эле именно экс-прокурорду сузуп алсын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан