Өзгөн районунда сыра заводунун идишине бир адам түшүп кетип, аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 20-июнда билдирди.
Маалыматка таянсак, район тургуну 19-июнда саат 10:20да "Аталык-Өзгөн" жоопкерчилиги чектелген коомунун
сыра заводунун идишине түшүп кеткен. Ал адам ӨКМнын куткаруучулары тарабынан куткарылып, аман калды.