Акыркы аптада мэриянын ыкчам чара көрүү кызматына 269 кайрылуу түшүп, анын 70и боюнча чара көрүлгөн

Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына акыркы аптада (12-июндан 19-июнга чейинки аралыкта) шаар тургундарынан 269 кайрылуу жана арыздар келип түшкөн. Алардын 124ү каттоого алынып, 70 маселе боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн (56,4 пайыз). 

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кайрылуулардын көпчүлүгү коомдук транспорт, электр энергиясы менен камсыз кылуу, жашылдандыруу жана ысык суу берүү маселелерине байланыштуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан