Чүйдө "11 кой уурдаган" деп шектелип 30 жаштагы тургун кармалды

Чүй облусунда "11 кой уурдап, мал ээсине 47 миң сомдон ашык чыгым алып келген" деген шек менен Кемин шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, милицияга Маданият айылынын 41 жаштагы жараны арыз менен кайрылып, 28-апрелде белгисиз бирөөлөр короосунан 11 кой уурдап кетишкенин айткан. Учурда мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан