Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи өтүүдө

Бүгүн, 22-июнда өлкө боюнча орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндөгү документтерди тапшыруу аземи өтүүдө. Алардын катарында борбор калаадагы №33-мектеп-гимназиясы да бар. Бул гимназияны быйыл 42 бүтүрүүчү аяктап жатат.
Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу салтанатын ачып берген мектеп директору Айке Сапаралиева аларга ийгилик каалап өттү. Ал 2014-2015-окуу жылындагы өзгөчөлүктөргө токтолуп, мектеп жашоосуна активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылыгын айтты.
"Быйыл артыкчылык аттестатын, алтын медаль алгандар мектебибизде жок. Ошентсе да жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖго тапшыруудагы босоголук 110 баллга биздин окуучулардын экөөсүнүн гана баллы жетпей калды. Калгандары жогорку окуу жайларга бюджеттик негизде тапшыра алышат деп ишенем",- деди Айке Сапаралиева.
Иш-чаранын жүрүшүндө көзүнө жаш алган окуучулар мугалимдерге рахмат айтып, өздөрүнүн окуучулук күндөрүн эске салган слайд-шоу көрсөтүштү. Үлгүлүү окуучуларга аттестаттан тышкары акчалай сыйлыктар берилип, алардын ата-энелерине да жакшы тарбия бергени үчүн ыраазычылык каты тапшырылды. Шаардык, райондук олимпиадаларда жеңишке жетишкендерге да атайын сыйлыктар берилди. Аттестатын колуна алган бүтүрүүчүлөр атайын бурчка сүрөттөрүн жабыштырып, кол тамга калтырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан