Быйылкы жылдын 11-июнунда
Чүй облусундагы Беловодск айылында айдоочуну аткан МАИчи өз күнөөсүн моюнуна
албай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында жабыркаган
тараптын жактоочусу Зарина Рамазанова билдирди.
Анын айтымында, төрт күбөнүн көзүнчө 23 жаштагы Тилек Шаабаевди аткан МАИчинин күнөөсү тактала элек.
“С.Б. аттуу жаран учурда №1-СИЗОдо 2 айлык камакта. Ал өз көргөзмөсүндө кулап баратканда ок чыкканын айткан, бирок анын денесине эч кандай залал келтирилген эмес. Айдоочу Шаабаев болсо өз ордунда отурганда денесине ок жеген. Ал эми мыйзамга ылайык, жол-кайгуул кызматкери адамды атууга укугу жок. Ал унааны токтотуу үчүн дөңгөлөккө же унаанын башка жагына атышы керек болчу. Учурда бардык фактылар МАИчиге каршы турат. Ошондуктан биз туура чечим чыгарылат деп күтөбүз”,- дейт жактоочу.