"Дин жолунда жүргөн уулумду эми "мас болгон" деп жатышат",- деп билдирди бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында Бишкекте жол-кайгуул кызматкеринин огунан каза болгон айдоочу Тилек Шаабаевдин атасы Шурубек Шаабаев. Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгы ишенбестик жаратууда.
“Уулумдун кырсыкка күбө болгон 3 кесиптеши ошол күнү ичимдик ичтик деп билдиришкен. Бирок анализде ичпеген баламды ичти деп чыгарышып, жанындагылар таза болуп чыгышкан. Ошондой эле МАИчинин каны да таза болуп чыккан. Муну кандай түшүнсө болот?”- дейт Шаабаев.
“Аялымдан айрылганыма 8 ай гана болду. Анын ашын берип, эми жамандыкты жакшы менен жабалы, кичүү баламды үйлөнтөм деп турганда андан да айрылдым”,- дейт Шурубек Шаабаев.