Токтогул районунда 90 килограмм баңгизат менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 22-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 20-июнь күнү саат 08:00 чамасында Облустук жана Райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын 1983-жылы туулган Ж.А. аттуу тургунунун үйү текшерүүгө алынган. Натыйжада 5 даана ундун кабына салынган, салмагы болжол менен 90 килограмм болгон марихуана маңзатын сатып жаткан жеринен кармалган. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.