"МАИчинин огунан каза болгон Тилек Шаабаевди унаада башка, штаттан тышкаркы МАИ кызматкери 1,5 саат алып жүргөн". Мындай пикирин бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Тилек Шаабаевдин тууганы Магелан Сардарбеков билдирди. Анын айтымында, 10 мүнөттө жетчү ооруканага бала 1,5 саат бою жетпей жүргөн.
“Тилек ооруканага кеч жеткирилген, андан кийин да бир саатка чукул тирүү болгон. Биздин оюбузча, МАИчилер анын өлүшүн каалап, атайын убакытты созушкан. Дагы бир факт: маркум Шаабаевдин кийими суу болуп, айрылып калган. Кайдан айрылат? Тилекти МАИчи ооруканага алып барбай эмне кылып жүргөн? Ушундай суроолорго биз жооп алгыбыз келет”,- дейт маркумдун тууганы.