“Айдоочу Тилек Шаабаевди атып өлтүргөн МАИчи кырсыктан эки күн мурун ажырашып, жини келип турган экен”. Муну бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында Тилек Шаабаевдин жакын тууганы Айша Орозалиева билдирди. Анын айтымында, аткан МАИчинин абалы туруксуз болуп, урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турган.
“Биз кийин билгендей, МАИчи 1987-жылкы экен. Анын эки жаш баласы бар. Кырсыктан эки күн мурун аялы менен ажырашып, өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бере албай турган абалда болгон. Анын мындай абалын көргөн башка кызматкерлер жумушка чыкпашы керектигин айтышкан экен”,- деди каза болгон 1992-жылкы айдоочунун тууганы.