Бишкек шаардык прокуратурасы жабдуу сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча ЭлТРге кылмыш ишин козгоду
Бишкек шаардык прокуратурасы тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар катталганы боюнча ЭлТРге кылмыш ишин козгоду. Маалыматты 22-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, телерадиокомпаниянын жетекчилиги санарип жабдуу сатып алуу боюнча тендер
өткөргөн. Тендерден жеңип чыккан ишканадан сатылып алынган жабдууларга ашыкча каражат сарпталып, мамлекетке 2
миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.