Бишкекте бир катар алдамчылык фактыларына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, колго түшүрүлгөн 41 жаштагы Александр Овчаренко өзүн "Базис Альфа Ко" ишканасынын директору катары тааныштырып, тигүү цехин ачууга көмөктөшөрүн айтып келген. Адамдардын ишенимине кирип, ири суммадагы акчаларын алып качып кеткен. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар (0 777) 33-10-84, (0 772) 34-54-56, (0 705) 13-35-33 телефон номерлери аркылуу байланышса болот.