18-24 жаштагы үч испаниялык альпинист кыргыз тоолорунда курман болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Каталониянын Альпинисттер федерациясына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Борбор Азиядагы тоолорду багындыруу максатында Испаниянын чыгыш тарабынан 10 адамдан турган топ 16-июнда келген. "Жекшемби күнү, 21-июнда альпинисттер болгон тоодо көчкү орун алып, альпинисттердин үчөөсү курман болгон. Калгандары эч кандай жаракат алышкан жок. Учурда набыт болгон альпинисттердин сөөктөрүн Испанияга алып келүү иштери жүргүзүлүүдө",- деп жазышты басылмалар.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, мекемеге аталган кырсык тууралуу кайрылуу түшкөн эмес. "Эгер бизге кайрылуу келсе, биз жардам беребиз",- деп билдиришти ӨКМдан.