Ак-Тоо чокусунда каза тапкан испаниялык альпинисттердин өздүгү аныкталып, өлүк сактоочу жайга жеткирилди

21-июнда Ак-Тоо чокусундагы Ак-Сай музуна чыккан испаниялык альпинисттерден турган топтун 3 мүчөсү каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Буга кар көчкү себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя боюнча бүгүн, 23-июнда билдирүү жасап, окуяны тастыктады.

Маалым болгондой, 21-июнда саат 15:00дө КРнын Альпинизм федерациясынын (топтун жетекчиси Олег Тураев) кайрылуусу боюнча “Тянь-Шань Тревел” фирмасы маркумдардын сөөгүн издөө-куткаруу боюнча иштерди уюштурган. Натыйжада 22-июнда саат 13:28де маркумдардын сөөктөрү атайын тик учак менен Бишкек шаарынын “Рамадан” (маркумдарды жерге берүү уюму) өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Каза болгондор:

1. Алехандро Васедо Чафер, Валенсия шаарынын тургуну, туулган жылы белгисиз;       

2. Родригес Виллар (аял киши), 1996-жылы туулган, Таррагона шаарынын тургуну;

3. Жозеф Катрино Кабалерия, 1991-жылы туулган, Жерона шаарынын тургуну.

“Казакстан Республикасындагы Испаниянын консулдугу окуя тууралуу маалыматты билет. Жогорудагы кырсык боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эч ким жардам сурап кайрылган эмес”,- деп жазылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sladkaja_konfetka
2015-06-23 09:19:31
Жаман болуптур, жапжаш балдар экен...
0
maalym
2015-06-23 09:36:53
ошондо кимиси аял киши(суротто)..
0
Liliia
2015-06-23 09:58:22
maalym, менимче суроттогу биринчи адам аял киши болсо керек
0
Suma9
2015-06-23 10:07:19
жоок ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_portal
2015-06-23 10:16:22
Suma9 - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан