Чүйдө маңзатты мыйзамсыз сактоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу 22-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында Чүй районунда 57 жаштагы О.А. кармалган. Анын колундагы бөтөлкөдө баңгизат бар экенин тийиштүү экспертиза аныктаган. Ал сурак учурунда эки бөтөлкөнү Е. (текшерүү учурунда ал 54 жаштагы П.Ю. экени такталган) аттуу жарандын үйүнөн алганын айткан. Соттун уруксаты менен экинчи жарандын үйү тинтүүгө алынып, 1 килограммга жакын маңзат табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Е. аттуу жаран чет өлкөгө 1969-жылы туулган Р.У. аркылуу баңгизат жөнөтүп турганы белгилүү болгон. Натыйжада үчүнчү жаран да 1 килограммга жакын баңгизат менен колго түшүрүлгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар тергөө абагына киргизилишти.